Starship кемеси жерге кайтып келип, атайын мунарага жайгашты

Дүйнө
Starship кемеси жерге кайтып келип, атайын мунарага жайгашты

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Америкалык SpaceX компаниясынын Starship космостук кемеси 22 сааттык сыноолук учуудан кийин старттык аянтчага кайтып келип, атайын мунарага ийгиликтүү жайгашты. Бул тууралуу компаниянын түз эфиринде көрсөтүлгөнүн Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин кемелер жерге кайтып келгенде сууга түшүрүлүп же конуу учурунда жарылып кетчү. Ал эми бул жолу Starship кемеси атайын мунаранын механикалык колдору менен ийгиликтүү кармалды. Бул мындай ыкма менен кармалган алгачкы учур болду.

Кеме Техастагы Starbase космодромунан Super Heavy ракетасынын жардамы менен учурулган. Учууда ал орбитага Starlink интернет системасы үчүн 26 спутник чыгарган.

Сыноонун жүрүшүндө кемени космоско алып чыккан Super Heavy ракетасын да мунаранын жардамы менен кармоо пландалган. Бирок ракета белгиленген багыттан четтеп кеткендиктен, аны кармоо аракети токтотулуп, Мексика булуңуна багытталган. Ракета сууга түшөр алдында жарылган.

Starship системасы Айга жана Марска адам жеткирүү максатында иштелип жатат. Анын бийиктиги 120 метрден ашат жана негизги бөлүктөрүн кайра колдонуу каралган.

Бул сыноону кошкондо, Starship системасы 15 жолу учурулуп, анын 10у ийгиликтүү болгон.