Standard & Poor’s агенттиги менен Кыргызстанга эгемендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси талкууланды

Экономика Загрузка... 06 Февраль 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы астында Standard & Poor’s эл аралык рейтингдик агенттигинин аналитиктери менен Кыргызстанга эгемендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси боюнча жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Чоро Сейитов аналитиктерди Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана жүргүзүлгөн реформалар менен тааныштырды.

Ал өз сөзүндө 2023-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү тарыхый чектен ашып, 1 трлн 228 млрд 900 млн сомго жеткенин, өсүш темпи 6,2% түзгөнүн билдирди. Ал эми 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары экономикалык өсүштүн 2022-2023-жылдары башталган тенденциясын улантып жатат.

Ошондой эле рейтингдик агенттиктин кызматкерлерине негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, санариптик өнүгүү тармагындагы реформалар, соода-экономикалык кызматташтык, чет элдик инвестицияларды тартуу, жер казынасын пайдалануу, энергетика жана статистика маселелери боюнча маалыматтар берилди.

Аналитиктер сапарынын алкагында өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эл аралык каржы институттары жана чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен жолугушууларды өткөрөрү пландалып жатканы айтылды.

Жолугушуунун соңунда Чоро Сейитов конструктивдүү диалог үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги менен мындан аркы кызматташууга даяр экенин белгиледи.