Стамбулда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди

Маданият Загрузка... 18 Сентябрь 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. 14-сентябрда Стамбул шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулду.

Майрамдык кечеге Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген эки миңге жакын мекендештер, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Бардык коноктор үчүн кечки майрамдык тамак уюштурулду.

Иш-чараны Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ачып, Эгемендүүлүк күнү кыргыз элинин туруктуулугун, күчүн жана биримдигин даңазалап, эркиндикти баалоо жана аны бекемдөө үчүн жоопкерчиликти сезүү маанилүү экенин белгиледи.

Кеченин кульминациясы Кыргызстандын эл артисттеринин аткаруулары болду. Асылбек Өнөкөбеков, Динара Акулова, Мирбек Атабеков жана Элера Кабылжан кызынын белгилүү ырлары улуттук майрамга өзгөчө маанай тартуулады. Концерттик программа кыргыздын салттуу аспаптарында аткарылган улуттук музыкалык композициялар менен коштолду.

Программанын соңунда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков сөз сүйлөп, өлкөдө жүрүп жаткан реформалар тууралуу айтып берип, чет өлкөдө жашаган жарандарга өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

Башкы консул бардык мекендештерди азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жана башка көрүнүктүү инсандардын салымын ар дайым эске алууга чакырды.