Стамбулда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленет

Коом 25 сентябрь 2026 11:20
Стамбулда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленет
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. 4-октябрда Стамбул шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өтөт.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, иш-чара саат 18:00дө Türk Dünyası Kültür Mahallesi, Topkapı Kültür Parkı аянтында башталат.

Майрамдык кечеде кыргызстандык белгилүү өнөрпоздордун концерти, театралдаштырылган программа жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Ага КР эл артисти Бек Борбиев, эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков, Маданияттын мыкты кызматкери Омар жана ырчы Малика Дина катышат.