Стамбулда Кыргыз кино күндөрү өтөт – көрсөтүлө турган тасмалар

Маданият Загрузка... 16 Март 2026 08:50
653807944_18007992062851989_7802720456766802691_n.jpg
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. 24-26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Atlas кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кино күндөрүнүн программасына төмөнкү тасмалар кирген:

  • режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары" тасмасы;
  • режиссёр Дастан Жапар уулунун "Качкын" тасмасы;
  • режиссёр Руслан Акундун "Бейиш 2" аттуу жаңы эмгеги.
"Бул тасмаларда кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук баалуулуктар жана заманбап социалдык маселелер көркөм чагылдырылган. Бул иш-чара эл аралык аудиторияга кыргыз киносунун өзгөчө стилин жана мазмунун ачып берет", – деп айтылат маалыматта.