Стамбулда кыргыз акын-жазуучулары эскерилди

Маданият Загрузка... 16 Декабрь 2025 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган.

Анын алкагында Малтепе муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстеликке гүл коюлуп, студенттер менен биргеликте уюштурулган "Ала-Тоонун өлбөс калемдери" аттуу поэзия кечеси өттү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин фасады жаңыланып, анын айланасындагы тосмолор алмаштырылды.

Башкы консулдук мыкты көркөм аткаруу боюнча конкурс уюштуруп, жеңүүчүгө ноутбук тапшырылды.