Сталинград салгылашы. Кызыл Армиянын жоокерлери алоолоп өрттөнүп баратып да, душманга карай ок атышкан

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 18 Апрель 2025 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Данияр Исанов

Бардык материалдар

“Сталинград салгылашы” деген ат менен тарыхтын барактарында кандуу тактарга айланган бул согуш – 1942-жылдын 17-июлунан тартып 1943-жылдын 2-февралына чейин созулду да, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Волга менен Дон дайрасынын жээктеринде өтүп, анык алааматка айланды. Бир канча жылдык аскердик даярдыктан кийин Европанын айрым мамлекеттерин ээлеп алган фашисттик Германия кол салбоо туурасындагы тынчтык келишимди бузуп туруп, 1941-жылдын 22-июнь күнү капилеттен кол салып, ыкчам аракеттин натыйжасында Советтер Союзунун аймактарына улам тереңдеп кирүүгө далбас урду. Бейпил турмуш кечирген Сталинграддын айланасын өрт чалып, адамдардын өлүктөрү тоодой үйүлдү. 1941-жылдын жай айларында советтик армия көптөгөн кыйроолорго туш болуп, артка чегинүүгө жана Советтер Союзунун борбору делген Москваны коргоого болушунча жан үрөдү. Декабрь айындагы Москваны оңой-олтоң эле басып алабыз деген немистик баскынчылардын аз да болсо мизи кайтты. Кылычын жалаңдаткан орустун кышы немистик жоокерлерди кыйла алсыратып, 150-300 чакырымдай артка чегинүүгө дуушар кылды. Немистик генералдар Москвага кайрадан чабуул жасайлы дегенде Адольф Гитлер бу саам каршы чыгып, СССРге сокку уруунун жаңыча пландарын иштеп чыкты. Эми СССРге Түндүк менен Түштүк тараптан чабуул жасайм деди. “СССРдин түштүк тарабына чабуул жасоонун пайдалуу жагы деп Кавказдагы мунайзаттарына ээлик кылуу жана Европа тарап менен транспорттук артерияны алып өтүүгө Волга жээгин басып алуу керек. Эгер Волганын таш-талканын чыгарсак, андан ары Орто Азияга кирип баруу оңой болот” – деди Гитлер. Муну менен ал, эгер ушул саам биз Советтер Союзунун түштүк тарабынан басып алсак, бүтүндөй өндүрүшкө кожоюн болуп чыга келебиз деп түшүндүрдү фюрер.

Айтылгандай эле фашисттик армия эми советтик өлкөнүн башка тарабынан сокку урууну болжоду. Үч жумалык Харьков үчүн болгон салгылашта Кызыл Армия кыйроого учурады. Немистердин айтуусунда, бул кармашта советтик аскерлерден 200 миңдей адам туткунга түшкөн. Ал эми советтик архивдик маалыматтарда Кызыл Армиянын куралдуу күчтөрүнөн 170 958 адам өлүмгө учурап, аскер техникаларынын көбүнөн кол жууп калган. Харьковдогу салгылашта жеңишке жеткен Гитлер «Түштүк» армиясын эки топко бөлдү. «А» тобундагы армия Түндүк Кавказга бет алса, «Б» тобундагы Фридрих Паулюстун 6-Армиясы менен бирге 4-Танкалык Армия Волга жана Сталинградды алсын деген буйрук чыгарды. Волга бойлой жайгашкан Сталинград шаары эң ири өндүрүш тармактары бар калаа болуу менен катар Сталиндин ысымын алып жүргөндүктөн “бул согушта сөзсүз жеңишке жетип идеологиялык жактан да, үгүт иштери тараптан да бүткүл дүйнөгө өз күчүмдү далилдей алмакмын” – деди фюрер жан-жөкөрлөрүнө.

1942-жылдын июль айында Кызыл Армиянын бир катар дивизиялары Воронеж облусунун Миллерово районун коргоого алды. Немистер ресурстары түгөнгөндүктөн Воронежди ала албай, эми багытын Сталинградга бурду. Паулюстун армиясы алгач чабуул жасап, бир катар ийгиликтерге жетти. Ушул жерден Гитлер Паулюска 4-Армияны “Түштүк” армиясына кош дегенинен, жыйынтыгында, 4чү жана 6-Армиянын жолдору тыгынга учурап, 4-Армия Кавказга карай кетүүгө мажбур болду. Сталинградды көздөй чабуул жасаган 6-Армиянын кол башчысы Фридрих Паулюста 270 миң адамдан турган 13 дивизия жана 3 орудия, 700 танка бар болчу. Буга кошумча күч катары генерал-полковник Вольфрам фон Рихтгофен башында турган 4чү абадан сокку жасалчу фронт “Мессершмидт” аттуу 1200 учагы менен жардамга келди.

“Амансыңбы, уулум! Сенин кийимиңди ким жууп жатат? Силерде биздин “Терек» сыңары чоң дайра барбы? Эгер душманды учурата турган болсоң, анда канжар менен капталга ур!”

Советтик чечен улутундагы Нурадиловдун чөнтөгүнөн табылган энесинин уулуна жазган каты.

Ал эми советтик тараптан Сталинградды коргоп, душман мизин майтарууга С. К. Тимошенко, В.Н.Гордов жана генерал-полковник А.И.Ерёменко жетекчилик кылып, жалпы саны 547 миң адамдан турган жоокерлери менен мекенди коргогону даяр турушту. Сталинград үчүн болгон кагылыш 17-июлда башталды. Чир жана Цимла дайрасынын жээктеринде 62чи жана 64-Сталинград фронту немистик 6-Армия менен бетме-бет келди. Душмандар үч дивизияны курчоого алып, Сталинград фронтун оңтойсуз абалга калтырды. Июль соңунда немистер советтик армияны Дон жээгинен кубалады. 1942-жылдын 28-июлунда Сталин Кызыл Армияга №227-чи Директива чыгарды. Директивада: “душманга кашык каныңар калганча каршылык көрсөткүлө, шаарды коргоого алгыла, эгер кимде ким коркоктук кылып мекенге кайдыгер караса, оор жаза берилет” – деп жазылды. Советтик армиянын эркин курчутуу үчүн «Бир кадам да артка чегинбе!» – деген ураан коюлду.

«Биздин тагдырыбызды үч нерсе ого бетер татаалдантып жатат: орустар, ачарчылык, анан суук. Орустун көзгө атарлары бизге ар качан коркунуч туудуруп, кароолго алышууда»

Немистик ефрейтор М.Зуранын күндөлүгүнөн. 8.XII.1942.

Немистер 23-августта 14-танкалык корпус менен бирдикте абадан учактар аркылуу катуу сокку жасап, Сталинград шаарынын күлүн көккө сапырды. Август аягына дейре фашисттер Сталинградга 2 миң ирет абадан бомба таштап, үй-жайлар, имараттар өрткө оронду. Шаардын таш-талканы чыкты. Сталинграддын 400 миңдей тургунунан 100 миңдейи алыскы жактарга эвакуацияланды. Ал эми шаардан чыгалбай калган аялдар менен балдар, кары-картаңдар жол куруу иштерине салынды. Немистердин бомбалоосунан шаарда 90 миңден ашуун адам өлүмгө учураган. Шаарды каптаган өрттөн тегерек-четтеги жыгачтан тургузулган үй-жайлар күйүп, айлана 1000 градуска чейин ысып, бейкүнөө адамдар куйкаланган. Көчөлөрдө, жер төлөлөрдө, имараттарда, урандылар арасында эки тарап бет келип, жекеме жеке кармашып жатты. Советтик көзгө атарлар урандылар арасынан жашынып алып душмандардын шайын кетирди. Көзгө атар Василий Григорьевич Зайцев ушул бетме-бет кармашта немистердин 225 аскери менен офицерлерин жана 11 көзгө атарын о дүйнөгө узаткан.

«Өз көзүң менен көрмөйүңчө мындай тирукмуш окуяга эч качан ишенбес чыгаарсың. Кызыл Армиянын жоокерлери алоолоп күйүп турган үй ичинде өрттөнүп баратып да, бизге карай ок атышууда».

Германиянын 7-танкалык дивизиясынын офицери.

Н.Воронов «Шакек» деген планды иштеп чыгып, Советтик Куралдуу күчтөргө жөнөттү. 28-декабрь күнү №170718-Директивага бир аз өзгөртүү киргизип, Сталин менен Жуков «Шакек» операциясына кол коюшту. Жуков менен Сталин Паулюстун 6-Армиясын экиге бөлүп салуу керек деп кошумчалашты. 10-январь күнү «Шакек» операциясы башталды. Башкы соккуну бул саам 65-Армиянын башчысы генерал Батов жетектеп, 31-январда немистин «Түштүк» тобу кыйроого учурап, Паулюс башында турган 6-Армия туткундалды. 2-февралда генерал-полковник Карл Штрекер жетектеген немистик «Түндүк» тобу жеңилди. Фашисттик 6-Армияны бир аптада кыйроого учуратуучу «Шакек» операциясы 23 күн кечигип олтуруп, акыры советтик эр жүрөк жоокерлер жеңишке жетти.

«Шакек» операциясында душмандардын 2500 офицери жана 24 генералы, ошондой эле 110 миңдей жөө аскери багынды. Алардын жыйырма пайызы гана аман калып, көпчүлүгү ачкалыктан, сууктан, оору-сыркоодон өлүштү. Сталинград үчүн болгон салгылаш Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы эң ири аскерий-саясий окуяларга айланды. Бул жеңиш Улуу Ата Мекендик согуштагы зор ийгиликтин бири болуп саналып – советтик армиянын демине дем кошсо, Германия алсырап аза күттү. Жеңиштен кабардар болгон дүйнө коомчулугу советтик армиянын эрдигине баа берип, майтарылбас духуна таңыркашты.

Сталинград салгылашында эки тараптан тең эсепке алганда 1млн 129 миң 619 адам өлүмгө учураган. Советтик тараптан 643 миң 800 адам өлсө, Германия тараптан 91 миңден 110 миң адамга чейин туткундалып, алардын алты миңи Германиясына аман кайтып барган. 140 миң немис аскери Сталинграддагы майдан талаасында өмүрлөрү менен кош айтышкан.