Өспүрүмдөр арасындагы баңгизат. Адис ата-энелердин негизги катасын атады

Ден соолук Загрузка... 09 Сентябрь 2025 11:00
WhatsApp_Image_2025_3nYwEAI.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Көптөгөн ата-энелер коом тарабынан айыптоодон коркуп, балдарынын психоактивдүү заттарды колдонуу көйгөйүн жашырышат. Бул тууралуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун врач-психиатр-наркологу Эркайым Байышева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, соңку кездери социалдык тармактарда баңгизат саткан дүкөндөр аркылуу жаңы синтетикалык психоактивдүү заттардын таралышы, ошондой эле аптекалык делген баңгичиликтин өсүшү менен татаал кырдаал түзүлдү.

Адистин маалыматы боюнча, 2022-жылы 286 өспүрүм, 2024-жылы 319, 2025-жылдын биринчи жарымында 151 өспүрүм жардам сурап кайрылган. Бирок, Байышеванын айтымында, бул көрсөткүчтөр айсбергдин бир чети гана, анткени жашы жете элек баңгизатын колдонуучулардын чыныгы саны бир топ жогору болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда өспүрүмдөрдү милиция кызматкерлери борборго алып барып текшерүүдөн өткөрүшөт, бирок ата-энелер көбүнчө колдонуу фактысын жашырууга аракет кылышат.

Адис өспүрүмдөр үчүн консультациялар анонимдүү, мажбурлап дарылоосуз жана укук коргоо органдарына маалымат берилбестен жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Баңгичиликтин эң көп таралышы 14-35 жаштагы адамдар арасында катталган, бирок жардам сурап кайрылган 11 жаштагы бала болгон.

Байышева белгилегендей, өспүрүмдүн чөйрөсү — достору жана тааныштары — көп учурда баңгизатты биринчи жолу колдонууда негизги ролду ойнойт. Үй-бүлөдөгү психологиялык атмосфера дагы маанилүү: ишенимдүү мамилелердин жана колдоонун жоктугу өспүрүмдү баңгизаттардан сооротууга түртүшү мүмкүн.

Дарыгер ата-энелерди балдары менен тыгыз байланыш түзүүгө чакырды.

"Баланы биринчи кезекте ата-энесинен жардам сураганга үйрөтүү маанилүү. Бул кайгылуу кесепеттерди алдын алууга жардам берет", - деди ал.