Спортчу Пеленин футболкасы аукциондо 6 млн долларга сатылат

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2026 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.26. Кабар/. 1958-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында бразилиялык футболчу Пеленин кийген футболкасы аукциондо 6 млн доллардан ашык баада сатылат, деп ТАСС The Athletic басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, 1958-жылы Швецияда өткөн турнирде Бразилия командасы биринчи жолу чемпионатты жеңип алган. Ошол кезде 17 жаштагы Пеле чечүүчү беттеште эки гол киргизген.

The Athletic басылмасынын маалыматы боюнча, ошол беттеште кийген Пеленин футболкасынын баасы 6 млн доллардан ашат деп болжолдонууда. Аукцион 29-июнда башталып, 16-июлда аяктайт.

2022-жылы Диего Марадонанын 1986-жылдагы дүйнө чемпионатында кийген футболкасы рекорддук баада - 9,28 млн долларга сатылган.

Эске салсак, Пеле 2022-жылы 29-декабрда 82 жашында каза болгон. Ал Бразилия менен 1958, 1962 жана 1970-жылдары дүйнө чемпиондугун жеңип алган.