Футбол аянтчасы жана воркаут: №80 мектептин спорт комплекси кандай болот?

Коом Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 17:10
740249472_1516880616078014_610904259754664746_n.jpg
740343465_1451396003375768_8859663053116146980_n.jpg
Алдыга
Артка
740249472_1516880616078014_610904259754664746_n.jpg
740343465_1451396003375768_8859663053116146980_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. Бишкек шаарынын Жал кичи районунда жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат.

Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут аянтчасы жана көрктөндүрүлгөн аймак жайгашмакчы. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,981 гектарды түзөт.

“Спорт комплексинин имараты заманбап курулуш материалдарын жана технологияларын колдонуу менен курулууда. Долбоордо монолиттүү темир-бетон пайдубал, металл каркас, сэндвич-панелдерден жасалган сырткы дубалдар, металл тепкичтер жана металл устундарга орнотулган чатыр каралган. Курулуш иштерин “Алтрейд” ЖЧКсы жүргүзүүдө”,- деп айтылат маалыматта.