Спорт аянтчасы жана лаборатория: Тоң районунда жаңы мектеп курулууда

Аймак 27 Июль 2026 13:40
758288841_1548245633441147_6310390999341211980_n.jpg
756632426_1548245656774478_6021618032989835788_n.jpg
756229023_1548245730107804_3703907736125022115_n.jpg
758793550_1548245703441140_9099369102440398042_n.jpg
757799873_1548245726774471_3532199982448484796_n.jpg
757399057_1548245690107808_6570304105954342149_n.jpg
756440521_1548245640107813_2651049527996573159_n.jpg
756647110_1548245670107810_228902920371200096_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Курулуш министрлиги тарабынан Тоң районунун Кара-Талаа айылында 275 орундуу заманбап жаңы мектеп салынды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталып, бүгүнкү күндө курулуш дээрлик аяктап, ичин сырдоо, тазалоо жумуштары аткарылууда.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 236 миллион сомду түзөт.

Жаңы мектеп эки кабаттуу, үч блоктон турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 2980 чарчы метр. Мындан тышкары, мектептин аймагында жайкы футбол аянтчасы курулган.