Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" маалымат агенттигинде учкуч-саякатчы Союзбек Салиев жана дүйнөнү айланып учуу экспедициясынын жетекчиси Абдыманап Маткадыровдун катышуусунда маалымат жыйыны өттү. Анда китептин автору Союзбек Салиев "Айланып учтум жер шарын" аттуу документалдык китебин тааныштырып, сапардын жүрүшү жана аны ишке ашыруудагы кыйынчылыктар тууралуу кенен айтып берди.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө автор дүйнөнү айланып учуу сапарынын тарыхы, аны уюштуруудагы тоскоолдуктар жана экспедиция учурундагы өзгөчө окуялар тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, мындан туура 10 жыл мурун, тактап айтканда, 27-октябрда Союзбек Салиевдин жер шарын айланып учкан тарыхый сапары башталган.
Сапар жалпысынан 62 күнгө созулуп, Дубай шаарынан башталып, кайра Бириккен Араб Эмираттарына келип аяктаган. Уникалдуу "Улуу айлампа" деп аталган бул каттам боюнча алардан кийин азырынча эч ким учуп өтө элек. Экспедиция учурунда учкуч 26 өлкөнүн үстүнөн учуп өтүп, алардын 13үнө конгон. Бүгүнкү күндө дүйнөнү айланып чыккан ал учак Авиация институтунда сакталып турат жана келечектеги учкучтар үчүн үлгү болуп саналат.
Союзбек Салиевдин айтымында, сапар учурунда бир катар тобокелчиликтерге жана татаалдыктарга туш болушкан. Айрыкча, экватор багыты боюнча учуу кылдат даярдыкты, чыдамкайлыкты жана жогорку жоопкерчиликти талап кылган.
Экспедициянын жетекчиси Абдыманап Маткадыров сапарды уюштуруу жана ишке ашыруу тууралуу айтып, мындай тажрыйбаны китеп аркылуу окурмандарга жеткирүүнүн маанисин белгиледи.
Биринчи басылышы 1000 нуска болуп чыккан "Айланып учтум жер шарын" китебинде дүйнөнү айланып учууга даярдыктан тартып, сапардын жүрүшүнө чейинки окуялар баяндалат.
"Басылма авиацияга кызыккан окурмандарга жана жаш муунга учуу сапарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө багытталган", — деди Маткадыров.