Климаттык саясат: Кыргызстан өз алдынча демилгелерден бирдиктүү тутумга өттү

Бишкектеги иш-чаралар 213 12 Август 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.35.22.jpeg
copyright icon "БУУӨП Кыргызстан/Жамиля Турдукулова

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын климаттык саясаты өз алдынча демилгелерден бирдиктүү мамлекеттик тутумга өттү. Ал эми Тоо күн тартибин эл аралык деңгээлде илгерилетүү Кыргызстандын тоолуу өлкөлөр арасындагы лидерлик макамын бекемдеди. Климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан маселелер бүгүн кыргыз-корей биргелешкен диалогунда талкууланды. Семинар Корея элчилиги, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага тармактын эксперттери, расмий өкүлдөр жана окумуштуулар катышты.

WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.29.35 (4)

Кыргызстан климаттык маселелерди бул жолу кореялык адистер менен талкуулады. Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык келишим 2025-жылы күчүнө кирген. Алдыда келишимди иш жүзүнө ашырууга киришүү жана туруктуу өнүгүү боюнча эки тараптуу диалогду күчөтүү зарылчылыгы турат. Бул максаттагы алгачкы семинарда катышуучулар жашыл энергия, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык каржылоо, көмүртек, ачык-айкындуулук, санариптик инновациялар жана жаштардын катышуусу маселелерин талкуулашты.

WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.29.35 (3)

Кыргызстан өз кезегинде жаңыртылган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарын (ОНУВ 3.0) ишке ашырууну илгерилетип, климатка ыңгайлашуу чараларын күчөтүүдө. Ошондой эле климаттык каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат. Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана климаттык саясат башкы башкармалыгынын жетекчиси Айзада Бариева климаттык көйгөйлөрдү жоюу боюнча иш-чараларга жалпысынан 23,1 млрд доллар зарыл экенин айтты.

WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.29.35

"Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар (ОНУВ 3.0) үчүн жалпы каржылоо талабы 23,1 млрд АКШ долларын түзөт. Анын ичинен энергетика үчүн 17 млн доллар керек. Транспорт үчүн зарылчылык 3 млн доллардан ашык. Ошондой эле өндүрүш процесстери, айыл чарбасы, жерди пайдалануу, токой чарбасы, зыяндуу калдыктар үчүн каражаттар керек", — деди Айзада Бариева.

Айзада Бариева жакында эле кабыл алынган Кыргызстандын "Климаттык ишмердиги жөнүндө" мыйзамынын мааниси туурасында кошумчалай кетти. Айтмакчы, бул мыйзамга президент Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү ичинен биринчилерден болуп кол койгон. Ага ылайык климаттык башкаруу комплекстүү тутумга өттү. Анын ичинде митигация, адаптация, каржылоо, ачык-айкындык, технологиялар жана билим берүү багыттары камтылган.

Ал эми Кореянын "жашыл" өнүгүү, кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны натыйжалуу пайдалануу, санариптик инновациялар, климаттык каржылоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы тажрыйбасы билим алмашуу жана өнөктөштүк үчүн маанилүү болуп саналат. Кыргызстандагы Кореянын элчилигинин кызматкери Ли Софья сүйлөшүүлөр деңгээлинен тажрыйбалык иштерге өтүү зарылдыгын белгиледи.

WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.29.35 (1)

"Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык келишимдин күчүнө кириши менен эки тарап аны ишке ашыруу боюнча институционалдык негиз түзүштү. Эми конкреттүү кадамдарга убакыт жетти. Анын ичинен саясатты, технологияларды, каржылоону жана долбоорлорду бири-бири менен байланыштыруу керек. Эл аралык коомчулук негизги көңүлдү Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарга (ОНУВ 3.0) бурууда. Бул багытта кыргыз-корей кызматташтыгын зыяндуу чыгымдарды кыскартуу, токой чарбасы, токой өстүрүү жана аны калыбына келтирүү, энергетика, жаратылыш кырсыктарын азайтуу, экосистемаларды калыбына келтирүү сымал иштердин тегерегинде жүргүзүү максаттуу", — деди Ли Софья.

Семинарда институционалдык реформалар, климаттык каржылоо жана практикалык чечимдердин ортосундагы байланыш туурасында сөз болуп, Кыргызстандын климаттык саясаты обочолонгон демилгелерден бирдиктүү мамлекеттик системага өткөнү белгиленди. БУУнун Өнүктүрүү программасынын климаттык долбоорлорунун координатору Бактыгүл Ысабекова жергиликтүү калк жана жамааттар үчүн тажрыйба жүзүндөгү жыйынтыктарга алып келген климаттык аракеттер туурасында айтып берди.

WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.29.35 (2)

"Кырсыктарды эрте эскертүү жана тобокелдигин азайтуу багытында мониторинг системаларын колдоо, кризистик кырдаалдарга жооп кайтаруу, кар көчкү коопсуздугу, GLOF мониторинги жана кызмат көрсөтүүгө даярдык иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аймактык пилоттук долбоорлор, жергиликтүү пландаштыруу, сууну үнөмдөө жана аялуу коомчулуктар үчүн практикалык чечимдер ишке ашырылды. Шаарлар, суу жана инфраструктурага келе турган болсок, Оштогу тажрыйба туурасында айтып берейин. Мында климаттык тобокелдиктердин профили, техникалык жумушчу топ, Ак-Буура дарыясы боюнча эрте эскертүү боюнча иштер аткарылды", — деп билдирди Бактыгүл Ысабекова.

Белгилей кетүүчү жагдай, талкууда инновацияларды жана жаштардын климаттык иш-аракеттерге катышуусун илгерилетүү, ошондой эле келечектеги биргелешкен демилгелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, анын ичинде жаштардын климаттык чечимдерине басым жасалды.

WhatsApp Image 2026-08-12 at 17.29.36