Бишкекте өмүр бою эркинен ажыратылган сүрөтчүнүн көргөзмөсү өтөт

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 17 Июль 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. 24-июлда Бишкекте өмүр бою эркинен ажыратылган Вячеслав Абдрашитовдун эмгектери коюлган "Жандын жаңырыгы" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун Дубовый парктагы С. Чүйков атындагы көркөм галереясында өтөт.

Ачылыш аземи саат 11:00дө башталат.

Белгиленгендей, көргөзмө соттолгондорду кайра коомго көнүктүрүү иш-чараларынын алкагында уюштурулуп жатат. Анын максаты — чыгармачылык дараметти колдоо, билим алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө кызыгууну арттыруу, ошондой эле коомчулукка жаза аткаруу мекемелериндеги тарбиялык иштер тууралуу маалымат берүү.

Келгендер сүрөттөр менен таанышып эле тим болбостон, жактырган эмгектерин сатып ала алышат. Кирүү акысыз.