Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Лейлектик 70 жаштагы Айымкан Саттарова колунан чыккан килемдер чет өлкөлөрдө да суроо-талапка ээ. Анын эмгектери Кытайга, АКШга жана Түркияга чейин жеткен.
Уста айым "Кабар" агенттигине "Лейлек килемдери" фестиваль-жарманкесинде берген маегинде килем токууну 5-класстан баштаганын айтты. Бүгүнкү күндө ал бул өнөрүн улантуу менен бирге неберелерине жана келиндерине да үйрөтүп келет.
Анын айтымында, быйыл жарманкеге негизинен чакан килемдерди алып келген. Анткени аларды алып жүрүүгө ыңгайлуу жана чет өлкөлүк сатып алуучулар арасында суроо-талап жогору.

Айымкан Саттарова үчүн бул өнөрдү кийинки муунга өткөрүп берүү жана улуттук кол өнөрчүлүктү сактоо маанилүү.
Белгилей кетсек, "Лейлек килемдери" фестиваль-жарманкеси 16-ноябрдан 26-ноябрга чейин Улуттук тарых музейинде өтүүдө. Келгендер килемдердин түрдүү оймо-чиймелери, кол эмгегинин өзгөчөлүктөрү жана табигый боёктор менен тааныша алышат. Ошондой эле буюмдардын авторлору менен баарлашууга мүмкүнчүлүк бар. Кирүү акысыз.