Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатындагы кызматташууну кеңейтүүдө

Маданият 1302 03 Декабрь 2025 12:45
594729764_1150991883859233_5923810249516988869_n.jpg
591921138_1150991820525906_4919554330713293863_n.jpg
590212998_1150991940525894_2404889323185774899_n.jpg
592332057_1150991993859222_1824770659114054848_n.jpg
Алдыга
Артка
594729764_1150991883859233_5923810249516988869_n.jpg
591921138_1150991820525906_4919554330713293863_n.jpg
590212998_1150991940525894_2404889323185774899_n.jpg
592332057_1150991993859222_1824770659114054848_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кореянын ICHCAP мекемесинин Стратегиялык өнүктүрүү департаментинин директору Ким Доксунду кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар “Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” аттуу ODA-долбоорунун жүрүшүн талкуулашты.

Долбоордун алкагында Г.Айтиев атындагы музейинде, Көчмөн цивилизациясы борборунда, Нарындын Искусство галереясында кол өнөрчүлөр борборлору түзүлүп, оңдоп-түзөө иштери толук аяктап, Корея тарап техникалык жабдууларды орнотуп жатат.

Ошондой эле 3-декабрда Улуттук тарых музейинде салттуу кол өнөрчүлүк боюнча продукция жаратуучу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат.