Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы КММАнын 1-курсунун студенттери үчүн профилактикалык лекцияларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
10–11-ноябрь күндөрү өткөн иш-чара ”Заманбап коомдогу баңгизат коопсуздугунун негиздери“ деген темага арналды. Студенттерге баңгизаттын кесепеттери жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле ИИМдин Кинология борборунун өкүлдөрү кызматтык-издөө иттеринин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, баңгизат кылмыштарын аныктоодогу ролун айтып беришти.