ИИМ: Чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы мушташ териштирилүүдө — Кабар

ИИМ: Чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы мушташ териштирилүүдө

Укук тартиби 29 август 2026 09:00
IMG_6486.jpeg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандардын ортосунда болгон чыр-чатак боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, милицияга чет өлкөлүк жарандардын ортосунда атышуу жана мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, чет өлкөлүктөрдүн ортосунда оозеки кайым айтышуу болуп, ал катышуучулар жашап жаткан убактылуу турак жайдагы мушташка айланган.

“Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматты каттоо журналына катталды. Милиция кызматкерлери окуяга катышкандардын бардыгынын өздүгүн аныктап, Тергөө кызматына жеткиришти.
Учурда сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ар бир катышуучунун аракеттерине укуктук баа берилет”,–деп айтылат маалыматта.