Бишкекте чыр чыгарган чет элдиктер депортацияланат — Кабар

Бишкекте чыр чыгарган чет элдиктер депортацияланат

Укук тартиби 29 август 2026 10:00
IMG_6494.jpeg

Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада орун алган чыр-чатак фактысы боюнча чет өлкөлүк жарандар кармалды.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек ШИИББдин 102 кызматына болжол менен саат 22:10до чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ болуп, чыр-чатак жаралышы мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуяга тиешеси бар 20 чет өлкөлүк жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, алар Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле аталган жарандар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылууга (депортацияланууга) тийиш.

“Укук коргоо органдары жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле жасоого жана коомдук жайларда адепсиз сөздөрдү суйлөбөөгө чакырат. Майда бейбаштык жана коомдук тартипти бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет.
Учурда аймактагы кырдаал милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө, абал туруктуу”,-деп айтылат маалыматта.