Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин башчысы кыргыз тарап кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары чыңдоого, ошондой эле бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи.
Россияда Кыргызстандын жарандарынын бир топ саны жашап жана эмгектенип жатканын эске алуу менен, ал алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуунун, ошондой эле келип чыккан миграциялык жана социалдык маселелерди ырааттуу чечүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бул контекстте кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалына түздөн-түз тиешеси бар маселелер боюнча россиялык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга чоң маани берери белгиленди.
Көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген жарандарга көмөк көрсөтүүгө, миграциялык жол-жоболорду мындан ары өркүндөтүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө, Кыргызстандын жарандарынын балдарынын билим алууга толук кандуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле эмгектенген жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык жана социалдык жактан камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова артыкчылыктуу маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө берилгендигин билдирди.
Ал Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү институту менен Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ортосунда актуалдуу багыттар боюнча жигердүү кызматташуу жүргүзүлүп жатканын, анын ичинде жарандардын укуктарын коргоо боюнча россия-кыргыз борборун түзүү демилгеси тууралуу айтып берди.