Лейлекте окуучуларга баңгизаттын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак Жүктөлүүдө... 03 Апрель 2025 11:25
485815832_9677686465613107_2267159326833132486_n.jpg
487385575_9677686322279788_5636803608559971008_n.jpg
486381820_9677686335613120_5125995798726107447_n.jpg
487507542_9677686482279772_1142686379872595524_n.jpg
Алдыга
Артка
485815832_9677686465613107_2267159326833132486_n.jpg
487385575_9677686322279788_5636803608559971008_n.jpg
486381820_9677686335613120_5125995798726107447_n.jpg
487507542_9677686482279772_1142686379872595524_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Лейлекте мектеп окуучуларына баңгизаттын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Лейлек райондук милиция кызматкерлери Лейлек айыл аймагындагы мектептерде синтетикалык наркотиктердин зыяндуулугун жана алардын жашы жете элек окуучулар арасында колдонулушун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Иш-чара Лейлек айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги 7-8-9-10-11-класстардын окуучуларына багытталып, синтетикалык наркотиктердин терс таасирлери жана алардын ден соолукка, психологияга жана коомго тийгизген зыяндары жөнүндө лекциялар окулду.

Мындан тышкары, видеороликтер көрсөтүлүп, окуучуларга наркотиктердин коркунучтары жана анын мыйзамсыз колдонулушунун кесепеттерин түшүндүрүүгө басым жасалды.

Иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларына синтетикалык наркотиктердин зыяндуулугун, аларды колдонууга болбой тургандыгын жана анын жашоо образына тийгизген терс таасирин түшүндүрүү.

Милиция кызматкерлери окуучуларга наркотиктерден баш тартып, туура жашоо стилин карманып, алардын келечегин коргоону улантууну сунушташты.