Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. 24-июлда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы кезектеги музыкалык кече өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Анда эл артисти Курмангазы Азыкбаев жетектеген “Энесай” фольклордук-эстрадалык тобу өз өнөрүн тартуулады. Концерттик программага кыргыз элинин улуттук музыкалык чыгармалары жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эстрадалык ырлар киргизилди.
Музыкалык кече жылуу жана майрамдык маанайда өтүп, жайкы салкын кеч, оргумалар жана жандуу аткаруу борбор калаанын тургундары менен конокторуна жагымдуу маанай тартуулап, көрүүчүлөр өнөрпоздорду узакка созулган кол чабуулар менен коштоп турушту.