Бишкектеги “Кара жыгач токою” сейил багында ”Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY“ күзгү экологиялык фестивалынын алкагында 15 миң түп карагач көчөтү отургузулду.
Бул күнү борбор калаанын жашыл аймактарын кеңейтүү максатында жалпысынан 15 миң түп карагач жана башка дарактардын көчөттөрү отургузулуп, көчөттөрдүн жакшы тамыр алышы үчүн биогумус колдонулду.
Ошондой эле катышуучулар сейил бакты реконструкциялоо, анын ичинде Комсомол жана Пионер көлдөрүн оңдоо, тротуарларды жана спорттук аянтчаларды куруу иштеринин жүрүшү менен таанышышты.
Иш-чаранын жүрүшүн ”Кабар“ агенттигинин сүрөтчүсүнүн объективине тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.