Жаңы демилге: Жаш жубайлар "Адинай" сейил багына бак отургузушту

Коом
863471646_1618980020277846_1547094760909929865_n.jpg
861943147_1618980086944506_5604573692609922479_n.jpg
863588432_1618980030277845_6266898880267479209_n.jpg
870827072_1618980070277841_2801509439422894311_n.jpg
Алдыга
Артка
863471646_1618980020277846_1547094760909929865_n.jpg
861943147_1618980086944506_5604573692609922479_n.jpg
863588432_1618980030277845_6266898880267479209_n.jpg
870827072_1618980070277841_2801509439422894311_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу" долбоорунун алкагында жаш жубайлар "Адинай" сейил багына ольха дарагын отургузушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорго катышууну каалаган жаңы үйлөнгөндөр https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат же 0880 005 123 телефонуна кайрылса болот. Ал үчүн бак отургузуучу жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү зарыл.

"Отургузулган дарак сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун жана жубайлардын жашоосундагы жаңы этаптын символу болот. Ал жаш үй-бүлө менен бирге өсүп, алардын өмүрүндөгү өзгөчө күндү жана бирге баскан жолун эске салып турат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жаш жубайларды долбоорго кошулуп, Бишкек шаарын жашылдандырууга өз салымын кошууга чакырат.