Ататүрк сейил багына 60тан ашык көчөт отургузулду

Коом 945 03 Апрель 2025 15:04
00efaa0f-fc16-4a63-ac1c-b976c6ec5a89.jpg
0bdd506e-fd9e-4f9f-a6da-dffe8d7c3203.jpg
2c9e3a16-b76b-4527-ace9-f14d95f65f1b.jpg
a1a86584-cfed-43a4-9d81-17bd017a00c7.jpg
b6fa01a9-b9dc-44f4-a850-64c0faeddd55.jpg
dae48982-458a-4caa-8aaa-6fb56651bbed.jpg
Алдыга
Артка
00efaa0f-fc16-4a63-ac1c-b976c6ec5a89.jpg
0bdd506e-fd9e-4f9f-a6da-dffe8d7c3203.jpg
2c9e3a16-b76b-4527-ace9-f14d95f65f1b.jpg
a1a86584-cfed-43a4-9d81-17bd017a00c7.jpg
b6fa01a9-b9dc-44f4-a850-64c0faeddd55.jpg
dae48982-458a-4caa-8aaa-6fb56651bbed.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил бакта 60тан ашык көчөт отургузулду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан маалымдашкандай, иш-чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Move Green экологиялык коомдук уюмунун өнөктөштүгү менен уюштурулду.

Көчөт отургузуу шаар инфраструктурасын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, ошондой эле конфессиялар аралык диалогду күчөтүү жана коомчулуктун дин жаатындагы маалымдуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Бул демилге 2021–2026-жылдарга карата Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана конфессиялар аралык кеңешинин иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Анда президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев диндер аралык ынтымакты бекемдөөнүн жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чара катышкан 100дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер жана ар түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү Ататүрк паркына 60тан ашык көчөт отургузду.

Белгилей кетсек, 2018-жылы түзүлгөн Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңеши учурда 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урматтоо менен мамиле кылуу, толеранттуулук жана сабырдуулук принциптерин жайылтуу, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу максатында жыл сайын ондогон иш-чараларды өткөрүп келет.