Ататүрк паркы заманбап эс алуу аймагына айланат

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Ататүрк паркы заманбап эс алуу аймагына айланат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров билдирди.

Азамат Кадыровдун айтымында, парктын концепциясы аттракциондорсуз ыңгайлуу сейилдөөчү жолду камтыйт. Бул аймак тынч эс алууга жана спортко багытталат.

Ататүрк паркы заманбап эс алуу аймагына айланат

Долбоордун алкагында йога менен машыгуу үчүн атайын аянтча, шахмат зонасы, узундугу болжол менен 3 чакырымды түзгөн веложолдор жана воркаут аянтчалары курулат.

Мындан тышкары, паркка 5 гектар жер кайтарылып берилип, ал жерде да көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тилкеде афган согушунун ардагерлерине арналган музей жана сейилдөө аймагы курулары пландалууда.

Мэрдин орун басары белгилегендей, дарактардын абалы боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Жалпы 14 миң жашыл көчөттүн ичинен 192 куураган дарак аныкталган. Муниципалитет дарактарды мүмкүн болушунча сактап калуу жана аймакты жашылдандыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

Ататүрк паркы заманбап эс алуу аймагына айланат

“Бермет” кафеси бекитилген дизайн-кодго ылайык ээлери тарабынан реконструкцияланат.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында парктын айланасына, жарык берүүчү мамыларга жана кесилиштерге видеокөзөмөл камералары орнотулат.