Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургунунун видео кайрылуусунун негизинде жеринде рейддик текшерүү жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, аныкталган мыйзам бузуунун негизинде ишкананын жетекчилигине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгиленгендей, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана экологиялык коопсуздук эрежелерин так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.