Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Бишкектеги эски аянтта Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган көргөзмө өттү. Анда Чүй өрөөнүндө ачылган өндүрүштөн тарта мектеп окуучуларынын колунан жасалган эмгектерге чейин коюлду.
Алардын катарында Кемин шаарынан келген "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынын окуучулары жасаган техникалар бар. Бул ирет окуучулар өздөрү колго жасаган сугаруучу шайман, желим бөтөлкөнү кайра иштетип чыгаруучу жана таш чайноочу техникаларды алып келишкен.
8-класстын окуучусу Алишер Токаев жердин нымдуулугун текшерип, суу чачкан сугаруучу шайман жасаганын айтат.
"Чоң техникаларды жасоо ушундай майда кадамдардан башталат. Мен алгач легодон пилдин образын түздүм, андан соң ага датчик орнотуп койгом. Бул датчик жердин нымдуулугун текшерип турат, ошого жараша суу чачыратканга жардам берет. Пилдин мурдунда атайын суу чыгаруучу түтүкчө бар. Аны иштетүүгө төрт мотор кетти. Бул менин көптөгөн жумуштарымдын бири. Муну жасаганга 4-5 күндөй убакыт кетти. Келечекте бул пилди чоңойтсом деген планым бар", — дейт ал.
Ал эми 9-класстын окуучусу Шайлообек Мырзакулов желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүчү техниканын үлгүсүн иштеп чыккан.
"Желим бөтөлкөлөр абаны абдан булгагандыктан, мунун жолун табыш үчүн эжекем менен бирге кайра иштетүүчү ушул техниканы иштеп чыктык. Бул ыкма аркылуу алгач бөтөлкөлөр кесилет, андан соң бирдей өлчөмдө чыгып, түрдүү буюмдарды жасаса болот. Мисалы, биз мындан гүл коюучу ваза жасадык. Бөтөлкөдөн 3D принтер аркылуу ок жасаса да болот. Эгерде бул долбоор кийин колдоого алынып кетсе, анда экологияны зыяндуу нерседен коргоого жардам беребиз жана ок сатып алуу каражатын экономдосок болот. Бул техниканы жасап чыгыш үчүн бир ай убакыт кетти", — деп билдирди окуучу.
Бул балдарга окшоп, өз эмгегин көргөзмөгө алып келген окуучулар абдан эле көп. Көргөзмө учурунда бир канча ата-эне балдарын алып келип, техникаларга кызыгуулары артып жатканын көрүүгө болот.
"Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын мугалими Айзат Алыбекова акыркы жылдары технологияга кызыккан балдардын саны көп болуп жатканын белгиледи.
"Биз 3D моделдөө илими менен алектенгендиктен, принтердин атайын жиптери бат-баттан түгөнүп кала берет. Мындай жиптерди кошумча кайдан алсак болот деп ойлонуп отуруп, окуучум менен бирге ушундай желим бөтөлкөнү кайра иштетүүчү техниканы жасап чыктык. Акыркы жылдары балдарын техниканы үйрөтүүгө берген ата-энелер көбөйдү. Бул бизди кубантат. Себеби, Кеминде инженердик, технология, 3D моделдөөнү үйрөткөн бир гана мамлекеттик "Алтын түйүн" улуттук академиясы бар. Биз балдардын эмгегин чоңойтуп, көп эле жумуштарды жасасак дейбиз. Бирок, көп каражат кеткендиктен, долбоорлор башталып эле токтоп калат. Робототехника ийрими дагы бар. Балдар дагы абдан кызыгып, окушат. Алдыда бул жаатта ийгилик жаратабыз деген чоң максаттарыбыз бар", — деди мугалим.
Жылына "Алтын түйүндүн" техникалык ийримдерине 250дөй окуучу келет. Бул мектептен сырткаркы кошумча окуу курсу болуп эсептелинет. Жылдан жылга бул тармакка болгон талап күч болгондуктан, тийиштүү адистерди табуу дагы кыйын болуп келет.
Бул көргөзмө Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын бирөөсү гана.
"Кабар", Мээрим Айныкеева