Совмин шаарчасында 5 күн ысык суу болбойт - Бишкек мэриясы

Коом 31 март 2025 22:31
Совмин шаарчасында 5 күн ысык суу болбойт - Бишкек мэриясы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. 31-марттан 4-апрелге чейин Совмин шаарчасында ысык суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ысык суу аталган аймакта газ түтүктөрүн ондоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу өчүрүлдү.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.