Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы, ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине райондук соттон билдиришти.
Ага ылайык, Элдар Жакыпбеков Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ("Коррупция") кылмышты жасоого айыпталууда.
Сот аны 15-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Жакыпбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эскертке кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков Аскер прокуратурасы тарабынан кармалганы маалымдалган.