Президент болобу, карапайым адам болобу мыйзам баарына бирдей иштеш керек – Абдразаков

Пикир Загрузка... 29 Декабрь 2025 13:40
WhatsApp Image 2025-12-29 at 10.14.41.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Президент болобу, карапайым адам болобу мыйзам баарына бирдей иштеш керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мурдагы депутат, коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков билдирди.

Анын айтымында, ким гана болбосун күнөөлөрү далилденсе, соттун чечими чыкса, ал ишке ашышы зарыл.

“Соттун чечими башка президенттерге, мамлекеттик аткаминерлерге сабак болушу керек. Алардын жасаган иштерин кийинки муун, кийинки чиновниктер кайталабагандай кылып маани берүү кажет. Антпесе мындай иштер кайталана бериши мүмкүн. Ар бир мамлекеттик кызматкердин аң-сезимине жеткиргендей, экинчи кайталанбагандай кылуу керек. Келечекте өлкө башкара турган президенттерге бул сабак болушу шарт. Мамлекет башчысы болом деген киши ак эмгеги менен таза кызмат кылып, мамлекетин өстүрүп-өнүктүргөн президент катары жакшы жагынан тарыхка калып, жаман жагынан тарыхта калбаш керек”, - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылып, сыйлоо жөнүндө жарлыктар жокко чыгарылды.