“Бала сатуу” иши: Кылмыштуу топ 12 жылга чейин эркинен ажыратылды

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 18:34
k7pvvrjxw-xpvu3l3gglnr69cbo.jpeg

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. "Бала сатуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу топ сот жообуна тартылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу жана "Балдарды сатуу" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстандын А. А. аттуу жараны жана анын кылмыштуу шериги, кыргыз жараны С. С. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Тергөөдө аныкталгандай, казак жараны Израилдин жараны А. Б. менен сүйлөшүп алып, акчалай жана башка мүлктүк компенсация алуу үчүн С. С. аттуу кыргызстандыктан үч жашы жете элек баланы сатып алган. Андан кийин ал балдарды жылаңачтап сүрөткө тартып, социалдык мессенжерлер аркылуу үчүнчү жактарга жөнөтүп турган. Мындан тышкары, аталган кылмыштуу топ Д. К. аттуу кыргыз жаранынын жашы жете элек эки баласына карата толук камкордукка алууга уруксат алып, аларга карата да ушундай эле аракеттерди жасашкан.

Кылмыш иши кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ага ылайык, 12-мартта сот айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жазага тартты. Соттун чечими менен Казакстандын жараны 12 жылга, ал эми кыргыз жараны 11 жылга эркинен ажыратылды.