Сот системасын санариптештирүү үч багыт боюнча жүрүүдө - Азамат Узакбаев

Коом Загрузка... 16 Сентябрь 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-09-16 at 10.35.19.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Сот системасын санариптештирүү процесси негизинен үч багыт боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Маалымдалгандай, ал төмөнкү санариптештирүү багыттары.

  • Сот жаранга жакын - СМС билдирүүлөрдү ишке киргизүү. Сот процесстери тууралуу тараптарды мобилдик технологиялар аркылуу билдирүүнүн заманбап ыкмалары.
  • Тез, ыңгайлуу, ачык-айкын түрдө мамлекеттик алымды онлайн төлөө. Жарандар жана уюмдар үчүн мамлекеттик алымды электрондук төлөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү.
  • Ачыктык жана ишеним катары соттордун ишмердигин тышкы баалоо.Кыргызстандын сотторунун ишинин сапатын көз карандысыз баалоо системасы.

Ошондой эле санариптик сот адилеттигин өнүктүрүү, өлкөнүн сот системасынын жаңы кадамдары тууралуу маалымат берилди.

Жыйынга сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов жана Сокулук райондук сотунун судьясы Нурайым Кенжетаева катышууда.