Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу кеңештен билдиришти.
Ага ылайык, төмөнкүлөр бекитилди:
- Касымалиев Мукамбет Шадыканович – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;
- Асанова Нургүл Молдобековна – Жогорку соттун судьясы;
- Арстанбаева Дилара Эркиновна – Жогорку соттун судьясы;
- Молдакунов Айбек Карыбекович – Жогорку соттун судьясы;
- Барыктабасова Элмира Бектургановна – Бишкек шаардык сотунун судьясы;
- Чотонов Санжар Бейшенкулович – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;
- Рыскулова Айжан Рыспековна – Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
- Кадырова Гүлназ Кубанычбековна – Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган.
- Кыдыралиева Бакыт Амантуровна – Президент тарабынан дайындалган.
- Түлөбаев Балбак Зарлыкович – Жогорку Кеңештин депутаты, «Ынтымак» парламенттик фракциясы тарабынан шайланган;
- Каримов Акыйкат Бакказович – юридикалык коомчулуктан шайланган.
Кеңеш гендердик тең салмактуулукту сактоо менен (бир жыныстагылар 70%дан ашпаган) төмөнкү мүчөлөрдөн турат (КР «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 8-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык):
- Судьялар кеңеши тарабынан шайланган 8 судья;
- Президенти тарабынан дайындалган 1 өкүл;
- Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган 1 депутат;
- Элдик курултай тарабынан шайланган 1 өкүл;
- Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган юридикалык коомчулуктун 1 өкүлү.
Элдик курултай - Элдик курултайдын Регламентинде каралган тартипте кеңештин курамына бир өкүлдү шайлайт.
Юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарыяланган күнгө карата бирикме катары иш жүзүндө 5 жылдан кем эмес иш алып барган юристтердин коомдук бирикмелеринин уставдык органдары тарабынан шайланат.
Юристтердин коомдук бирикмеси Кеңештин курамына 4 талапкерге чейин көрсөтүүгө укуктуу. Коомдук бирикменин уюштуруу документтерине ылайык жол- жоболоштурулган тиешелүү чечими коомдук бирикменин каттоо алгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен бирге Жогорку Кеңешке жиберилет.