Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы каралып, бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына төмөнкү талапкерлер бекитилди:
- Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев («Ынтымак» парламенттик фракциясынан көрсөтүлгөн);
- Бакыт Кыдыралиева (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан көрсөтүлгөн);
- судьялар Мукамбет Касымалиев, Нүргүл Асанова, Дилара Арстанбаева, Айбек Молдакунов, Эльмира Барыктабасова, Санжар Чотонов, Айжан Рыскулова, Гүлназ Кадырова (Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Акыйкат Каримов (юридикалык коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн).