Сосновка постунда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак Загрузка... 03 Март 2025 11:35
352177.jpg
copyright icon www

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Сосновка постунда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 3-мартта аба ырайынын бузулушуна байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Жайыл районунун Сосновка постунда транспорт каражаттарынын айдоочулары менен тынымсыз профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, өзгөчө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына, кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарда айдоочуларга жардам көрсөтүү боюнча сактык чаралары тууралуу түшүндүрүлүүдө.

Мындай профилактикалык иш-чара аба ырайы жакшырганга чейин жүргүзүлөт.

Эске салсак, бүгүн саат 06:10дон тартып Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген. Чектөө күчүндө.