Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. 7–8-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында дин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мурда “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынан баш тарткан 80ден ашык жаран чакырылды.
Анда катышуучуларга дин кармануучулардын арасында ажырымга жол бербөө зарылдыгы, ислам дининдеги салттуу ханафий масхабынын жана матуридий акыйдасынын нормаларын кармануунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Ошондой эле Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын талаптарына баш ийүү керектиги белгиленди.