Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 16 Май 2025 11:40
497876298_996125466012543_6261974069771568144_n.jpg
497589889_996125239345899_8048053062427239895_n.jpg
498178313_996125302679226_5534420575848154533_n.jpg
497501409_996125496012540_5787760666500952774_n.jpg
497716048_996126446012445_7880145714729377500_n.jpg
Алдыга
Артка
497876298_996125466012543_6261974069771568144_n.jpg
497589889_996125239345899_8048053062427239895_n.jpg
498178313_996125302679226_5534420575848154533_n.jpg
497501409_996125496012540_5787760666500952774_n.jpg
497716048_996126446012445_7880145714729377500_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Күн мурун Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөдө акындын чыгармачылыгына байланыштуу китептери, кол жазмалары, жеке сүрөттөрү, сыйлыктары, ошондой эле сүрөтчүлөрдүн иштери жана тематикалык инсталляциялар коюлган.

Акын алгачкы ырларын 18 жашында фронтто жазган. “Алдыга жүргүн, кыргыздар!”, “Биз жеңишчил” деген чыгармалары согуш темасына арналган. Кийин тагдыр ага сүйүү, тынчтык, эмгек жөнүндө да ыр жазууга шарт түздү.

Акындын 30дан ашык китеби жарык көрүп, алардын 14ү орус тилинде басылып чыккан. Анын чыгармалары казак, өзбек, украин, азербайжан тилдерине да которулган. Ошондой эле ал дүйнөлүк классиктер — Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Есенин, Омор Хаям, Абай сыяктуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Сооронбай Жусуевдин 70тен ашык ырына Рысбай Абдыкадыров, Асылбек Өзүбеков, Исрадин Аманбаев сыяктуу обончу-композиторлор обон жараткан.

Белгилей кетсек, китеп жана сүрөт көргөзмөсү Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин иш-чаралар планына ылайык ачылып, жыл бою дагы башка бир катар илимий жыйындар, акындын чыгармачылыгына арналган кече жана жолугушуулар белгиленет.