Соода-өнөр жай палатасы Кытай компаниялары менен өнөктөштүктү жолго коюуда

Экономика 18 июль 2025 17:51
519975274_1147786104034413_8224930298922751773_n.jpg
520054809_1147786037367753_4276675350369632576_n.jpg
520314520_1147786030701087_2424654124044812820_n.jpg
520400990_1147786034034420_1006913245470557947_n.jpg
519594022_1147786070701083_4450773036160954744_n.jpg
Алдыга
Артка
519975274_1147786104034413_8224930298922751773_n.jpg
520054809_1147786037367753_4276675350369632576_n.jpg
520314520_1147786030701087_2424654124044812820_n.jpg
520400990_1147786034034420_1006913245470557947_n.jpg
519594022_1147786070701083_4450773036160954744_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Кытай компаниялары менен өнөктөштүктү жолго коюуда. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Бүгүн Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Пекин шаарында Кытайдын эл аралык инженердик-консалтинг компаниясынын (CIECC) жана анын түзүмдүк бөлүмү болгон CCOC компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду аналитикалык жана долбоордук жактан колдоо, инфраструктура тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

CIECC — Кытайдын мамлекеттик ири инженердик-консалтинг компаниясы болуп эсептелет. Ал өлкөнүн инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорунун ишке ашуусунда маанилүү роль ойнойт. Компания бүгүнкү күнгө чейин 150 000ден ашуун долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып, алардын жалпы суммасы 200 трлн юандан ашкан. CIECC транспорт, энергетика, шаар куруу жана жогорку технологиялар тармактарында иш алып барат.

CCOC болсо негизинен Кытайдан тышкаркы өлкөлөрдө консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен. Ал "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында Азия жана Африка өлкөлөрүндө бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба топтогон.