Соода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындады

Коом 134 18 Август 2026 15:40
1.jpg
774888184_1476429907836696_8562423452265232356_n.jpg
775132351_1476429904503363_2207969372956836129_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
774888184_1476429907836696_8562423452265232356_n.jpg
775132351_1476429904503363_2207969372956836129_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 10 өлкөдөгү жаңы өкүлдөрүн бекитти.

Мекемеден билдиришкендей, алар Өзбекстан, Испания, Швейцария, Кытай, Болгария, Иран, Индия жана Түркияда иш алып барышат.

"Жаңы өкүлдөрдүн негизги милдети кыргызстандык жана чет элдик ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүү, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана инвесторлорду тартуу, ата мекендик продукцияны тышкы рынокторго чыгарууга көмөктөшүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алар бизнес-миссияларды, B2B жолугушууларды уюштуруп, кыргыз компанияларынын чет өлкөлүк рынокторго чыгышына колдоо көрсөтөт.

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн тармагын кеңейтүү Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестиция тартууга багытталган.