Соода, инвестиция жана жашыл энергетика: Кыргыз-герман алакасы талкууланды

Экономика Загрузка... 22 Январь 2026 08:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Никлас Вагнер жана Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын келечектеги багыттарын, анын ичинде сооданы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, жаштарды даярдоо жана окутуу, ошондой эле жашыл экономиканы илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Соңунда мындан ары кызматташууну кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.