Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси акыркы жылдары саясий диалогдун активдешүүсү менен гана эмес, соода, инвестиция, транспорт, энергетика, айыл чарба, технология жана билим берүү тармактарындагы конкреттүү долбоорлор менен да жаңы баскычка чыгууда. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн кызматташтыгы бир гана соода жүгүртүү менен чектелбестен, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, өндүрүштү жана экспортту өнүктүрүүгө, энергетикалык потенциалды жогорулатууга, санариптик технологияларды киргизүүгө жана адистерди даярдоого багыт алып жатканын көрсөтөт.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү
2026-жылдын январь-май айларына карата Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 2 мрлд 9,6 млн АКШ долларын түздү. Мында Кытай өлкөнүн жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндө 32,1% үлүш менен ири соода өнөктөшү катары калууда.
Белгиленген убакыт ичинде Кыргызстандан Кытайга товарларды экспорттоо 73,7 млн АКШ долларына жетти. Ал эми Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмү 1 млрд 935,9 млн АКШ долларды түздү.

Белгилей кетсек, 2023–2024-жылдары Кытай менен соода жүгүртүү жогорку деңгээлде болуп, 2024-жылы 5,58 млрд АКШ долларын түзгөн. 2025-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 10,8%га азайып, 4,97 млрд долларды түзгөн. 2026-жылдын январь–май айларында соода жүгүртүү 2,01 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч Кытайдын Кыргызстандын тышкы соодасындагы маанилүү өнөктөш бойдон калып жатканын көрсөтөт.
Инвестиция: өндүрүш жана жаңы долбоорлор
Кытай — Кыргызстандын экономикасына түз инвестиция салган КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн арасында эң ири инвестор. 2026-жылдын биринчи чейрегинде Кытайдан Кыргызстанга 80,15 млн АКШ доллары (80 154,4 миң доллар) өлчөмүндө түз инвестиция келди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,9%га жогорулап, өлкөгө кирген жалпы чет өлкөлүк капиталдын бештен бир бөлүгүнөн ашыгын түздү.
Кытай инвестициялары Кыргызстандын экономикасында негизги ролду ойноп, кен казуу өнөр жайын, кайра иштетүү, энергетика жана инфраструктура тармагын камтыйт. Кытай тараптын инвестициясынын негизинде өлкөдө бир катар ири ишканалар жана өндүрүштүк долбоорлор ишке ашууда. Алардын айрымдарына токтолсок, “Алтынкен” ЖЧКсы Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштетүүдө. Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ири биргелешкен инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Өнөр жай тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында “ОРИС НПЗ” мунайды кайра иштетүүчү заводу 2024-жылы ишке киргизилген. Долбоорго 255 млн сом инвестиция салынып, учурда ишкана толук кубаттуулукта иштөөдө. Мындан тышкары, калдыктарды кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулган.
Экономист Искендер Шаршеев Кытай менен кызматташтык Кыргызстанга соода, инвестиция, инфраструктура, өндүрүш, энергетика жана транзит тармактарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берерин “Кабар” агенттигине билдирди.

“Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн. Кытай тараптын бажы статистикасы боюнча, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 22 млрд доллардан ашкан. Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бул Кытайдан жеткиликтүү товарлардын киришине жана Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын, анын ичинде органикалык азыктардын Кытай базарына чыгышына шарт түзөт”,- деди экономист.
Темир жол: Кыргызстан үчүн транзиттик өлкө болууга мүмкүнчүлүк
Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгындагы эң ири долбоорлорунун бири — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Кыргызстандын аймагындагы тилкенин узундугу болжол менен 304 чакырымды түзөт. Бул темир жол Кыргызстанды Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы жаңы транспорттук байланыштын бөлүгүнө айлантат.
“Кызматташтыктын эң ири инфраструктуралык долбоору Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Анын курулушуна 2024-жылдын аягында символикалык старт берилип, кийин активдүү фазага өткөн. Бул темир жол Кыргызстанды Кытай, Борбор Азия жана Европанын ортосундагы маанилүү транзиттик түйүнгө айландырып, жүк ташуу убактысын 7–8 күнгө чейин кыскартат деп күтүлүүдө. Транзиттен түшө турган жылдык киреше болжол менен 200 млн долларга чейин жетиши мүмкүн. Маршруттун боюнда ишканалар, Ат-Башы жана Манас сыяктуу логистикалык борборлор ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлөт”,- дейт Шаршеев.
Белгилей кетсек, Макмал районунда жүктөрдү кайра жүктөөчү станция жана логистикалык борбор түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Жүк Кыргызстан аркылуу жөн гана өтүп кетпестен, сактоо, сорттоо, кайра иштетүү, таңгактоо жана башка логистикалык кызматтарга суроо-талап жаралмакчы. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде бул жол ишке кирген соң, транзиттик жүктөн бюджетке ири көлөмдөгү киреше түшөрүн айтты. Мамлекет башчысы темир жолду Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык долбоор катары баалап, аны экинчи Кумтөр деп атады.

Энергетика: өндүрүш үчүн негизги шарт
Жаңы заводдордун, логистикалык борборлордун жана ишканалардын иштеши туруктуу электр энергиясына түздөн-түз көз каранды. Кытай менен кызматташууда энергетика өзүнчө багыт катары каралууда.
Мисалы, өлкөдө ири масштабдуу күн электр станцияларын куруу боюнча кытайлык компаниялар менен келишимдер түзүлүп, долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы, учурда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жана ошондой эле Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында күн электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.
- Ак-Турпак күн электр станциясы: Бул станцияны Кытайдын Сучжоу шаарында кол коюлган келишимге ылайык, “States Technology Co., Limited” жана “San Energy Co.” компаниялары биргеликте курууда. Жалпы кубаттуулугу 250 МВт түзөт. Учурда даярдык жана курулуш иштери жүрүп, толук ишке кириши 2027-жылга белгиленген.
- Ак-Татыр күн электр станциясы: Бул долбоор Кытайдын эң ири мамлекеттик корпорацияларынын бири болгон “CECEP Solar Energy Co., Ltd.” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Жалпы кубаттуулугу 600 МВт болгон бул станциянын алгачкы 200 МВт кубаттуулуктагы биринчи фазасын ушул 2026-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Учурда курулуш аяктоо алдында турат. Эки станция тең Баткен облусунун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо максатында Кытай капиталдарынын түз инвестициясы менен курулуп жаткан өзүнчө объектилер болуп саналат.

Технология жана санариптик экономика
Кытай менен кызматташтыктын жаңы багыты — технология. Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдагы Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кытай менен өлкөнүн технологиялык өнүгүүсү жана санариптик трансформациясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган эки меморандумга кол койгон. Анткени, Кыргызстан үчүн Кытайдын жасалма интеллект, нариптик төлөмдөр, телекоммуникация жана электрондук соода боюнча тажрыйбасы маанилүү.
Мисалы, 2025-жылы Кыргызстандагы Элкарт менен Кытайдын Alipay+ эл аралык санариптик төлөмдөр платформасынын ортосунда меморандумга кол коюлган. Бул өнөктөштүктүн алкагында үстүбүздөгү жылдын май айында “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (Элкарт) Alipay+ менен биргеликте Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн эл аралык QR-төлөмдөрдү ишке киргизди. Мында “Элкарт Мобайл” колдонуучуларына чет өлкөлөрдө төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул долбоор санариптик инфраструктураны өнүктүрүү милдеттеринин алкагында ишке ашырылып, туристтер жана ишкерлер үчүн төлөмдөрдү жеңилдетүүгө багытталган.

Билим — кызматташтыктын узак мөөнөттүү капиталы
Кыргыз-Кытай мамилелеринин дагы бир маанилүү багыты — билим берүү. 2025–2026-окуу жылында Кытай тарап Синьцзян-Уйгур автоном районунун программасы боюнча 125 гранттык орун, ал эми Сычуань провинциясынын программасы боюнча 15 стипендия сунушталган. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин сайтына жарыялангандай, Кытай тарабынан Кыргызстандын жарандары үчүн 15 мамлекеттик стипендиялар бөлүнгөн. Алсак, 2026-2027-окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавр, тилдик стажировка, магистратура жана докторантура программалары боюнча окуу үчүн сынак жарыяланган. Бул аракеттердин бардыгы эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуунун алкагында ишке ашырылып, жарандарыбыз үчүн Кытайдын окуу жайларында окуу үчүн стипендиялар бөлүнөт. Анын ичинде окуу акысы, жатакана, стипендиялык жөлөк пул, медициналык камсыздандыруу да каралган.
Туризм: инфраструктура жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдагы Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн тиешелүү министрлери эки тараптын ортосундагы топтук туристтик сапарларды жеңилдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Бул меморандум Кыргызстандын туризм тармагын стимулдаштырууга, инвестицияларды тартууга жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө багытталган. Келишимдин башкы артыкчылыгы — Кытай тараптын уюшкан туристтик топторду Кыргызстанга расмий түрдө жөнөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүндө. Алсак, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы чет элдик жарандардын Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүлөрүнүн саны 10,5 миллион болгон. Анын 44 пайызын кытайлык жарандар түзөт.

“Кытай менен кызматташтыктын натыйжасында жолдор жана транспорт жакшырып, сапарлар ылдамдайт. Ысык-Көлдөгү долбоорлор аркылуу туризм өнүгөт, курулушта, өндүрүштө, логистикада жана айыл чарбасында жумуш орундары көбөйөт. Фермерлер менен ишкерлер Кытай базарына чыгууга мүмкүнчүлүк алышат, ал эми санариптик экономика, жасалма интеллект жана жашыл технологиялар боюнча кызматташтык келечектеги жаңы кесиптердин пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда коомдо карыз жүгү, жергиликтүү жумушчулардын үлүшү, экология жана улуттук кызыкчылыктар боюнча кооптонуулар бар. Расмий позицияга ылайык, долбоорлор өз ара пайдалуу негизде жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат. Бирок, алардын пайдасы толук сезилиши үчүн сапаттуу аткаруу, ачык көзөмөл жана жергиликтүү калктын активдүү катышуусу маанилүү”, - деди экономист Искендер Шаршеев.