Акыйкатчы соода борборлоруна социалдык бурч ачууну сунуштады

Коом Загрузка... 02 Июль 2026 14:40
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту өлкөдөгү соода борборлорунун жана ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүн майыптыгы бар жана улгайган жарандарга өз продукцияларын сатууга жардам берүүгө чакырды.

Институт дүкөндөрдө жана маркеттерде атайын социалдык бурчтарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштоодо. Бул жерлерге социалдык стационардык мекемелердин жашоочулары тарабынан жасалган продукциялар коюлмакчы.

"Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 17 социалдык интернатта 2 443 адам жашайт. Алардын ичинен 491и улгайган жана майыптыгы бар жарандар. Бул мекемелерде эмгек терапиясынын алкагында чыгармачыл устаканалар иштеп, анда сувенирлер жана кол өнөрчүлүк буюмдары даярдалат. Буюмдардын сапаты жогору болгону менен, туруктуу сатуу базарлары жок болгондуктан, кардар табуу кыйынчылыкты жаратууда", - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту ишкерлерди бул демилгени колдоого чакырат. Бул кадам калктын аялуу катмарына кошумча киреше табууга гана жардам бербестен, алардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоого жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Ошондой эле мамлекет, бизнес жана коом биргелешип социалдык маселелерди чече аларына оң үлгү болмокчу.