Улуттук банк “Кабар” маалымат агенттигине ички валюта рыногундагы абалдын салыштырмалуу туруктуулугу тууралуу маек куруп, сомдун курсуна таасир тийгизүүчү негизги факторлорду атады.
Валюта рыногунун абалы
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан 17-сентябрга чейин доллардын расмий курсу 0,52%га - 86,9963 сомдон 87,4486 сомго чейин жогорулаган. Жыл башынан бери кескин өзгөрүүлөрдү басаңдатуу үчүн Улуттук банк жалпысынан 378,6 млн АКШ долларын сатуу боюнча төрт интервенция өткөрдү.

Валюта курсуна таасир тийгизген факторлор
Сомдун динамикасына тышкы соода, импорттук жана экспорттук баалардын өзгөрүүсү, ички жана эл аралык деңгээлде инфляциянын жана пайыздык чендердин айырмачылыктары, ошондой эле башка өлкөлөрдүн борбордук банктары тарабынан акча-кредит саясатынын корректировкалары жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрү таасир тийгизет.
Орто мөөнөттүү келечекте сомдун курсунун бекемделишине төмөнкү факторлор таасир тийгизиши мүмкүн:
- Импортту алмаштыруу жана айрым тармактардын импорттон көз карандылыгынын төмөндөшү;
- ички өндүрүштүн жана экспорттун өсүшү;
- чет өлкөлүк инвестициялардын агымы;
- долларлашуунун кыскарышы.

Эл аралык резервдер
2025-жылдын 15-сентябрына карата дүң эл аралык резервдер 7,39 млрд долларды түзүп, жыл башынан бери 45,3%га өстү. Бул каражаттар товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен алты айын жабат жана жеткиликтүүлүктүн эл аралык критерийлерине ылайык келет.
Интервенциялар жана болжолдоолор
Улуттук банк валюталык интервенцияларды алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө үчүн гана жүргүзөт жана кийлигишүүнүн босогосун белгилебейт. Жөнгө салуучу 2025-жылдын аягына карата валюта курсунун болжолун бербейт, бул суроо-талап жана сунушка жараша аныкталат.

Чет элдик валюталардын таасири жана туруктуулук
Рубль, тенге жана юандын динамикасы өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасына жана алардын борбордук банктарынын иш-аракеттерине көз каранды, ошондуктан курстардын кыймылы дал келиши же айырмаланышы мүмкүн. Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногун жалпысынан жогорку эл аралык резервдердин, ийкемдүү өзгөрүлмө алмашуу курсунун режиминин жана бекем банк тутумунун натыйжасында тышкы таасирлерге туруктуу деп эсептейт.

Спекуляцияны көзөмөлдөө
Улуттук банк алмашуу бюролорунун ишин дайыма текшерип турат. 2025-жылы 222 пункт текшерилип, анын натыйжасында 71 лицензия токтотулган, 4 лицензия чакыртылып алынган жана жалпы жонунан 3,85 млн сомдук айып салынган. Алмашуу пунктарында накталай чет элдик валютанын тартыштыгы жок.