Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылынын тургундары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин ацылдын тургундары таза суу жетишсиздигин, кээ бир жерлерде суу сапаты начар экенин айтып тарабынан Жаңы-Пахта айылын таза суу менен камсыз кылуу боюнча 200 млн долларлык ири долбоор ишке ашырылып жатат.
Мындан сырткары, долборлоо иштерине 4 млн доллар гранттык каражат бөлүнгөн.
Долбордун алкагында бардык керектүү техникалык, финансылык жана укуктук документтер даярдалып, тендер өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Тендер аяктагандан кийин долбоорлоо жана курулуш иштерине расмий түрдө старт берилет.
Курулуш иштери аяктагандан кийин Жаңы-Пахта жана жакынкы Мирный айылдарынын 5 миң 733 тургуну таза менен камсыздалат.