Сокулукта жазгы талаа иштерине даярдык кызуу жүрүүдө

Аймак Загрузка... 06 Февраль 2026 14:23
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жакында Чүй облусунун Сокулук районундагы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, айдоо аянттарын кыдыруу учурунда министрге Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Садыков маалымат берип, район боюнча 38 миң гектар тоңдурма жер айдалганын билдирди.

Анын айтымында, учурда арпа, буудай, беденин үрөнү кампаларда даяр турат. 38 миң гектар жердин 6 миңине жүгөрү, 2,5 миңине кызылча, 20 миң гектарына арпа айдалып, ал эми калганына мөмө жемиштер тигилет. Садыков райондун аймагындагы айдоо аянттарына күздүк себүү 31 250 гектарды түзгөнүн кошумчалады.

Ал эми Сокулук райондук суу чарба департаментинин жетекчиси быйылкы сугат мезгилине даярдыктын абалы тууралуу маалымат берип, Р10 каналын жана ички каналдарды механикалык тазалоо жумуштары жүрүп жатканын билдирди.

Министр Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге дыйкандарга тамчылатып, жамгырлатып сугаруунун артыкчылыктарын түшүндүрүүнү тапшырды.