Сокулуктагы реабилитациялык борбордо балдарга жаңы жылдык маанай тартууланды

Шайлоо Загрузка... 20 Декабрь 2025 11:44
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Сокулук реабилитациялык борборуна барып, балдарга жаңы жылдык маанай тартуулады.

Анда музыка жаңырып, бий бийленип, жандуу эмоциялар, жылмаюулар жана белектер менен коштолгон накта майрамдык маанай өкүм сүрдү.

"Дал ушундай көз ирмемдер балдардын эчинде көпкө сакталат. Балдар чын дилден чыккан мамилени абдан назик сезишет. Алар үчүн расмий формат эмес, жасалган мамиле, кургак иш-чара эмес, жылуулук менен көңүл буруу маанилүү. Ушундай жолугушуулардан дүйнөгө болгон ишеним жана эртеңки күнгө болгон үмүт жаралат.

Адамзат жөнөкөй жана түбөлүктүү баалуулуктар — жакшылык, кайрымдуулук жана башкалар үчүн убакыт таба билүү сапаттары менен кармалып турат. Мындай баалуулуктар жашап жаткан соң, дүйнөнүн келечеги бар", - деди Туманбаев.