Сокулуктагы Көк-Көл жазгы саякат үчүн эң сонун тандоо – сүрөт

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү Чүй облусунун Сокулук капчыгайында жайгашкан кооз Көк-Көл көлүнө барып, тоонун, жашыл шибердин жана жол боюндагы ажайып гүлдөрдүн суктанарлык сүрөттөрүн тартып келди.

Бул көлгө баруу үчүн апрелдин аягынан июндун биринчи жарымына чейинки убакыт эң ылайыктуу мезгил болуп саналат, анткени жайдын ортосунда суу толугу менен кургап калышы мүмкүн.

Бөрүлү айылынан башталган тоо чыйыры орточо татаалдыкта болуп, саякатчыларга жолдогу кызыл кумдуу аскалардын жана кулпурган табияттын керемет көрүнүштөрүн сунуштайт. Бийиктик айырмасы 450 метрди түзгөн бул аймак кеч жазда же жайдын башында бир күндүк тоо саякатына чыгууну каалагандар үчүн эң мыкты тандоо болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, көл Бишкек шаарынан 54 чакырым аралыкта жайгашкан. Жол жүрүү убактысы 1 саат 25 мүнөт.