Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Сокулуктагы борбордук стадионду реконструкциялоо жана куруу иштери аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, стадиондун реконструкциялоо жана курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.
Долбоорго ылайык, эл аралык талапка жооп берген, 2000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадион жана заманбап спорт комплекс курулду.
Бүгүнкү күндө объект толугу менен бүткөрүлүп, ачылыш аземине даяр.