Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар “Айыл Банк” ААК жана “МИК” менен биргеликте лизинг жолу аркылуу сатылып алынды.
Айыл өкмөтү төмөндөгү техникаларга ээ болду:
- вакуумдук ассенизатор – 1 даана;
- Shacman манипулятору – 1 даана;
- контейнер ташуучу таштанды ташуучу унаа – 1 даана;
- грейдер – 1 даана;
- жүктөгүч (погрузчик) – 1 даана.
Жаңы техникаларды пайдаланууга берүү аземине Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Илияз Ташкулов катышып, атайын техникалардын ачкычтарын “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине салтанаттуу түрдө тапшырды.